Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-июну, № 227-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишин кошумча каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы администрациялаган төлөмдөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 100 000 000 (жүз миллион) сом суммасына көбөйтсүн жана жабдууларды сатып алууга. прокуратура органдарынын административдик жана турак жай имараттарын курууга жана формалык кийим-кечегин тигүүгө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 100 000 000 (жүз миллион) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |