Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу, № 243-б
2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун 5-тиркемесинин 3.4-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 536-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен бирге «Электр станциялар» ачык акционердик коому менен жогоруда аталган шарттарда үч тараптуу Карыз милдеттенмесин белгиленген тартипте түзсүн жана анын шарттарын сактоону камсыздасын».
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |