Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу, № 245-б
2017-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министр лиги: 1) "Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомуна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 7 200 000,0 (жети миллион эки жүз мин) АКШ доллары суммасындагы кредит каражаттарын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун 3 900 000,0 (уч миллион тогуз жүз мин) АКШ доллары суммасындагы грант каражаттарын бюджеттик кредит түрүндө төмөнкүдөй шарттарда берсин:
- кредит каражаттарын колдонуу үчүн пайыздык ставка - жылдык 1,0 (бир) пайыз+ 6 айлык LIBOR;
- грант каражаттарын колдонуу үчүн пайыздык ставка - жылдык 1,0 (бир) пайыз;
- айып - мөөнөтунөн өткөн суммага жылдык 5,0 (беш) пайыз;
- кайтаруу мөөнөтү 15 жыл, анын ичинде негизги сумманы жоюу боюнча женилдик берилген мезгил - 3 жыл;
- милдеттенме үчүн комиссиянын өлчөмү - Кредиттик макулдашуу түзүлгөн датадан 60 (алтымыш) күндөн кийин жылдык 0,5 пайызды эсептөе менен;
- бир жолку комиссия - бюджеттик кредиттин суммасынан 1 (бир) пайыз өлчөмүндө;
күрөе менен камсыздоо - "Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу" долбоорунун алкагында сатып алынган мүлк;
- кредиттин негизги суммасын төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жеңилдик берилген мезгил, аяктагандан кийин бир жылда эки жолу, 20-майда жана 20-ноябрда;
- эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - бир жылда эки жолу, 20-майда жана 20-ноябрда, мында эсептешүүнүн башталышы -бюджеттик кредит каражаттарын алган күндөн тартып;
- кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2020-жылдын 20-ноябры жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2032-жылдын 20-ноябры;
2) белгиленген тартипте "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому менен жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда Кредиттик келишимди түзсүн жана анын аткарылышын камсыз кылсын.
2. "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти максаттуу багыты боюнча гана колдонуу. ошондой эле Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык анын кайтарылышын камсыз кылуу сунушталсын.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу колдонулушун контролдоо жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти өз убагында кайтарышын камсыз кылуу сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлумүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |