Редакцияот 25.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 25-июну, № 223-б

Ч.Т.Айтматовдун Россия Федерациясынын Москва шаарындагы эстелигин даярдоо жана орнотуу иштерин аягына чыгаруу максатында, Кыргыз Рсспубликасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 37 900 000 (отуз жети миллион тогуз жүз миң) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев