КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-июну, № 225-б
Ирригациялык курулуштарды жана башка социалдык-экономикалык объектилерди. ошондой зле автомобиль жолдорун курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашып, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каражаттардын көлөмүн 1 000 000 000.0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн,
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аталган каражаттар эске алынсын,
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |