Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-июну, № 202-б
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштеши үчүн финансы ресурстары менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитета менен макулдашып, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит тапсын жана бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б буйругунда каралган шарттарда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому менен Карыздык милдеттенме түзсүн;
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү үчүн республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн 500 000 000 (беш жүз миллион) сом суммасына көбөйтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизсин.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бюджеттик кредитти так максаттуу багыты боюнча - Бишкек жана Нарын шаарларындагы турак жайлардын курулушун бүткөрүүгө, "Кийин сатып алуу менен ижарага алуу" механизми боюнча турак жай сатып алууга, турак жайды сатып алуу жана куруу үчүн ипотекалык кредит берүүгө жумшоо;
- жогоруда аталган бюджеттик кредитти Карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык кайтарууну камсыздоо.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |