КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июну, № 218-б
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чыгымдарды каржылоо, шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жарандардын жашоо денгээлин жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо, экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин стимулдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен белгиленген тартипте:
- 2018-жылдын башталышына карата региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын 459 617,2 миң сом (төрт жүз элүү тогуз миллион алты жүз он жети миң эки жүз) сом суммасындагы калдыгын региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |