Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну, № 186-б
Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерге кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 48 220 000 (кырк сегиз миллион эки жүз жыйырма миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүнүүчү каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы
кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарынын
тизмеси
| Жумуштун түрүнүн | Болжолдуу | Курулманын |
|
№ | жана объектилердин | наркы | ТҮРҮ, | Эскертүү |
| агалышы | (миң сом) | индикатору |
|
| Талас облусу |
|
|
|
| Талас району |
|
|
|
1 | Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылындагы жер астынан чыккан суулардын деңгээлин | 14920,0 | Жабык түрдөгү | Калыбына келтирүү талaп кылынат |
|
| дренаж КДТ | ||
| төмөндөтүү |
|
|
|
| Баардыгы: | 14920,0 |
|
|
| Ош облусу |
|
|
|
| Кара-Кулжа району |
|
|
|
2 | Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн курулушу | 6800,0 | Жөө өтүүчү көпүрө (90x1,5) L= 90 пм | Калыбына келтирүү талaп кылынат |
| Баардыгы: | 6800,0 |
|
|
| Жалал-Абад облусу |
|
|
|
| Сузак району |
|
|
|
| Кызыл-Туу айыл |
|
|
|
| аймагынын Кызыл- |
| Коргоочу дамба L= 300 пм | Калыбына |
3 | Сеңир айылындагы Көк-Арт дарыясындагы коргоочу дамба | 10000,0 | келтирүү талaп кылынат | |
| Баардыгы: | 10000,0 |
|
|
| Баткен облусу |
|
|
|
| Лейлек району |
|
|
|
4 | Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын "Ак-Терек" участогундагы | 7500,0 | Ички-чарбалык көпүрө L= 12 пм | Калыбына келтирүү талaп кылынат |
| Козубаглан дарыясынан өтүүчү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу |
|
|
|
5 | Бешкент айыл аймагынын Андархам айылынын "Чагатай" участогундагы Козубаглан дарыясынан өтүүчү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу | 9000,0 | Ички-чарбалык көпүрө L= 18 пм | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Баардыгы: | 16 500,0 |
|
|
| Жалпы суммасы: | 48220,0 |
|
|