Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 9-январы, № 5-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 517-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык санында:
"Катчылык" позициясында:
"16" деген цифралар "17" деген цифралар менен алмаштырылсын; 11 -пунктундагы "4" деген цифра "5" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү" позициясында:
"14" деген цифралар "13" деген цифралар менен алмаштырылсын; 73-пунктундагы "8" деген цифра "7" деген цифра менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |