Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-ноябры № 431-б
Расмий тилде тиркелген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдары тарабынан транспорттук (ташып өтүүчү) жана коммерциялык документтерде бажы органдарынын мөөрлөрүн жана штамптарын коюу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен төмөнкүдөй эскертме менен макулдук берилсин:
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдары тарабынан транспорттук (ташып өтүүчү) жана коммерциялык документтерге бажы органдарынын мөөрлөрүн жана штамптарын коюу тартиби жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасы 1999-жылдын 28-майында Монреаль шаарында кол коюлган Эл аралык аба ташууларынын эрежелерин бирдейлештирүү жөнүндө конвенциясы Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасы тарабынан колдонула баштайт.".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |