Редакцияот 22.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 22-ноябры № 438-б

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат күнүн жана Кыргыз Республикасынын радио жана телеберүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

 

Амантур уулу Мусагул

-

"De-Факто" гезитинин башкы редактору;

Асканова Нуркамал

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маалымат" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин баяндамачысы;

Бурханова Нуржамал Таласовна

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" телеканалынын алып баруучусу;

Вершинин Григорий Алексеевич

-

"Медиа-холдинг Пирамида" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык директору;

Кабатай кызы Айнура

-

"Телерадиокомпания Новая Телевизионная Сеть" жоопкерчилиги чектелген коомунун маалымат жана аналитика департаментинин жаңылыктарды алып баруучусу;

Калманбетова Назгуль Мырсакуловна

-

көз карандысыз журналист;

Кеңешева Рахат Кожомуратовна

-

"Азаттык" радиосунун жаңылыктар кызматынын журналисти;

Мамбетомуров Дуйшеналы

-

"ТРК Санат" жоопкерчилиги чектелген коомунун шеф-редактору;

Темиров Каныбек Маматалиевич

-

"ААК" жоопкерчилиги чектелген коомунун ("NUR TV" телеканалынын) директору;

Шекенова Аида Жумагазиевна

-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев