Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги он бешинчи сессиясы

 2019-жылдын 15-октябры № 15-2

Жаңы конушка социалдык объект үчүн жер ажыратуу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-сентябрындагы №450 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан кайрак айдоо жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө” Токтомунун негизинде трансформациядан өткөн 40 га жердин ичинен 2 га жерди социалдык объек катары спорт комплекс үчүн ажыратуу жөнүндө айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Жамашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы трансформациядан өткөн 40 га жердин ичинен 2 га жер аянтын спорт комплекс куруу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.

2.    Мыйзам негизинде тийиштүү  иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага

А.Маканбаев