Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги он бешинчи сессиясы

2019-жылдын 15-октябры № 15-3

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдар “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

- Бекмурзаева Гулипа- Алчалуу айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;

- Жусупова Гулайым- Кара-Көл айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;

- Шамшиева Жамила- Соку-Таш айылынын тургуну, ФАП жетекчиси;

- Танбаева Айнакан- Шатрак айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;

- Мурзакматов Нышан Камытович– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, маданият кызматкери;

- Бапанов Мырзакулбек Абдемухаметович- Орто-Азия айылынын тургуну;

- Кочкоров Самаган Тургунбаевич– Мундуз айылынын тургуну, маданият кызматкери;

Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага

А.Маканбаев