Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019 - жылдын 1 августу № 35
Каргалык айыл аймагынын “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын берүү жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын “Айылдык аймактын ардактуу жараны” жөнүндөгү жобонун негизинде Каргалык айыл өкмөтүнүн 4.04.2019-жылдагы №246-катын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл аймагынын жана жалпы эле Тогуз-Торо районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, мал чарбасын өстүрүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Казарман айылынын тургуну Жунушалиев Сатыбалдыга жана Билим берүү тармагына көп жылдык сиңирген эмгеги үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, аймактын өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөтүп келген, карыялар кеңешинин төрагасы Казыбаев Жапаралыга Каргалык айыл аймагынын “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб - сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жунусакунов |