Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019 - жылдын 1 августу № 36
Каргалык айыл өкмөтүнүн 05.07.2019-жылдагы №469-каты боюнча
Каргалык айыл өкмөтүнүн 05.07.2019-жылдагы №469-каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча долбоордун өздүк салымына 3-кварталдын эсебинен 175,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Р.Жунусакунов |