Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019 - жылдын 1 октябры № 53
13.08.2019-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги
ХХVI сессиясынын №47 токтому менен райондук “Таза суу” муниципалдык
ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы жөнүндө
Райондук “Таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы жөнүндө депутаттык комиссиянын төрайымы К.Мамырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Радиациалык ченемдерден суммардык альфа көрсөткүчтөрү Казарман таза суусунда, Чет-Булак таза суусунда, Көк-Арт №1 скважинасында жана булактарында 2,3-5,6 ашыкча жогору болуп келгендиги белгиленсин.
2. Казарман жана Чет-Булак айылдарынын таза суу маселеси боюнча өзгөчө кырдаал чукул деп табылгандыгы эске алынсын.
3. Радиациалык ченемдерден суммардык альфа көрсөткүчтөрү Казарман таза суусунда, Чет-Булак таза суусунда жана булактарында ашыкча болуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жолдонсун.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жунусакунов |