Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры № 51
“Бел-Алды айыл аймагындагы муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү долбоорунун алкагында муниципалдык токойлорду башкаруу планын жана инвестициялык долбоордун сунуштамасын бекитүү жөнүндө”
Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагындагы муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү максатында башкаруу планынын жана инвестициялык долбоордун сунуштамасынын шайкеш келүүсү жактырылсын.
2.Муниципалдык токойлорду башкаруу планынын негизинде 5 пайыздык накталай акча каражатын Бел-Алды айыл өкмөтүнүн алдындагы“Бел-Алды муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
3.Муниципалдык токойлорду башкаруу планынын негизинде которулуп берилүүчү 5 пайыздык акча каражатын табуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевге милдеттендирилсин.
4.Алгачкы инвестициялык долбоордун сунуштамасына баа берүү долбоордун талаптарына ылайык катышкан депутаттардын аныктоосы менен жүргүзүлсүн.
5.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн алдындагы”Бел-Алды муниципалдык ишканасынын” башчысы Ракаев Кыялдын ПУМА МТБПнын негизинде иш алып баруу милдеттендирлсин.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |