Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын - декабры, № 462-б
"Алга карай жылыш" коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү, анын социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишине зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Алга карай жылыш" коомдук бирикмесине беш жылдык мөөнөткө, коммуналдык кызматтарды жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 99 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин карамагындагы мамлекеттик имараттын биринчи кабатындагы жалпы аянты 87,9 кв. метр жайды белгиленген тартипте берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктурүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |