Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-декабры № 689
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылгандыгы жана ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
- Бишкек шаарынын мэриясына;
- Ош шаарынын мэриясына;
- Талас шаарынын мэриясына;
- Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясына;
- Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясына;
- Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясына;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына;
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |