Редакцияот 07.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

2019-жылдын 7-сентябры № 1

Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынан келген арыз жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт  айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан Жерге-Тал айылынын чегине чейинки Мусаев Ордобек көчөсү жөнүндө Көк-Арт айылдык кенешинин 6- чакырылышынын 12-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан Жерге-Тал айылынын чегине чейинки Мусаев Ордобек атындагы көчөнүн аты өзгөрүүсүз калтырылсын.
  2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
  3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

С.Жуманазаров