Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/180
Шаардын жогору тарабыгындагы Долбоорлонуучу (Проектируемая) аталышындагы үч көчүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 07-октябрындагы 01-36/1368 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого ” даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө токтомун аткаруу максатында, шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшү боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 07-октябрындагы 01-36/1368 сандуу каты канаттандырылсын
2.Шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшү боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын 1 (биринчи) Долбоорлонуучу көчөсү ”Достук” 2 (экинчи) көчөсү “Сере”, 3 (үчүнчү) долбоорлонуучу көчөсү “Ынтымак” деген аттар менен аталсын.
4.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылууну ММБДнын жетекчисине жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшү боюнча” туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |