Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/181
Шаар мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 09-октябрындагы 01-36/1390 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитген программасынын алкагында иш-чаралар планын катарында Бишкек шаарына Дооронбек Садырбаевдин эстелигин бүтүрүү үчүн материалдык колдоо сураган кайрылуусун карап шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 09-октябрындагы 01-36/1390 сандуу каты канаттандырылсын.
2.Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитген программасынын алкагында иш-чаралар планын катарында Бишкек шаарына Дооронбек Садырбаевдин эстелигин бүтүрүүдө жардам катары 30000 (отуз миң) сом акчалай колдоо көрсөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарын мэри А.Т.Жумаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |