Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/182
“Кыргызстан Аялдар Демократиялык Тармагы” коомдук бирикмеси тарабынан шаарыбыздын аялдардын онкологиялык ооруларды алдын алуу бюонча профилактикалык иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 09-октябрындагы 01-36/1393сандуу каты, “Кыргызстан Аялдар Демократиялык Тармагы” коомдук бирикмеси тарабынан 2019-жылдын шаарыбыздын аялдарын онкологиялык ооруларды алдын ала максатында, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 09-октябрындагы 01-36/1393 сандуу каты канаттандырылсын.
2.Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3. “Кыргызстан Аялдар Демократиялык Тармагы” коомдук бирикмеси тарабынан 2019-жылдын шаарыбыздын аялдар арасында онкологиялык ооруларды алдын ала профилактикалык текшерүүлөрдү өткөрүү боюнча анык тапшырылган документтердин негизинде 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышынын камсыз кылууну шаарын мэри А.Т.Жумаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |