Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 40
Айыл аймагындагы мектептердин 2019-2020-жылга карата ремонттон өтүшү,
кышка карата даярдык жана жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Мектеп жетекчилери Н.Бапышованын, Э.Бочоевдин , Н.Бекелееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп жетекчилери Н.Бапышованын,Э.Бочоевдин , Н.Бекелееванын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ы.Алымбеков атындагы орто мектебинин жетекчиси Н.Бапышованын,М.Жамгырканов
атындагы орто мектебинин жетекчиси Э.Бочоевдин жана Т.Назакеева атындагы башталгыч мектебинин жетекчиси Н.Беклееванын аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Окуу-тарбия иштерин жакшыртуу, мектеп жашындагы балдардын мектепке тартылбай калуусуна жол бербөө, мектептерде жетишпеген сабактарга мугалимдерди тартуу боюнча чараларды көрүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагын колго алуу мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Айылдык кенештин депутаттары тарабынан айтылган айрым сунуш-пикирлер эске алынсын.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |