Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 41
“Саламаттыкты сактоо багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүндөгү №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагында жашаган калкты медициналык жактан тейлөө, саламаттыгын сактоо, ар кандай ооруларды алдын алууда жасалып жаткан иш-аракеттери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Айылдын санитардык абалына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы №9 ҮДТ нын жетекчиси Э.Орозбековго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо багыты боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |