Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры № 95
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү 9 айлык бюджеттин аткарылышы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 9 айлык бюджетинин аткарылышы жана өзгөрүүлөрү боюнча ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмиранын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токтогул району жана Кара Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылы боюнча атайын фонддун 988,0миң сом акча каражаттары төмөндөгүдөй максаттуу жумшалсын:
- 3111-300,0 миң сом суугат сууга жумшалсын;
- 3111- 150миң сом транформаторго жумшалсын;
- 2215-38,0 сом Жерге-Талга АПУ жасатууга жумшалсын;
-3111-500,0 сом Чоң-Арык айылындагы футболдук аянтчага.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцария кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы аркылуу каржыланып Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарыла турган “Долбоорго” 34895 сом максаттуу жумшалсын.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 9 айдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн 375,5 миң сомго ашыкча аткарылган акча каражататы төмөндөгүдөй жумшалсын:
- 3111-285,5миң сом электр столбаларына;
- 2511-90,0 миң сом таза аймак муниципалдык ишканасына.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмирага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин бюджет комиссиясына тапшырылсын.
6.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |