Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры № 96
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында курулган спорттук комплексине ат берүү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколунун токтомун бекитип берүү жөнүндө
Терек-Суу айылынын 2019-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйынынын протоколу менен жооптуу катчы Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна толук окуп тааныштырып, спорт комплекси боюнча маалымат берди.Элдик жыйындын токтомунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген тренери,СССРдин эркин күрөш боюнча спортунун мастери, Кыргыз Республикасынын физкультура маданиятынын отличниги,Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги,физкультура жана спорт маданиятынын доценти, улуттук категориядагы судъясы ж.б. көптөгөн наамдардын ээси ,”Тайманбас” спорттук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Чалов Базарбек Иткараевичтин өмүр баяны менен тааныштырылды.Элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында курулган спорттук комплексине ат берүү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколунун токтому бекитилсин. ”Тайманбас” спорттук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Чалов Базарбек Иткараевичтин спорт маданиятындагы эмгектери эске алынып , ысмы ыйгарылсын.
2.Мыйзамдаштыруу боюнча иш кагаздарын толуктап тиешелүү мекемелерге жөнөтүү айыл өкмөт башчысы Чороевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу спорт,маданият маселери,жаштар саясаты,билим берүү жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |