Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры № 98
Жайыт пайдалануу эрежелери жөнүндө
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылга карата мал жайуу эрежелери жана мал жайуу эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик боюнча Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Улан Өмүрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал багуучулары айылда чогулткан малын жазгы жайытка жылдын 1 -апрелинен 15-апрелине чейин көчүрүп чыгуусу,жайкы жайытка көчүп кетүү жылдын 15- апрелинен 20- майына чейин, күзгү жайытка кайра көчүп келүү жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
2.Айдоо эгин талаасында өстүрүлгөн эгиндер жыйналып бүткөнчө мал жайууга уруксат берилбесин.Жайкы мезгилде айыл жанындагы жайыт жерлерге мал багуу үчүн 1 жумушчу ат, 1 саан уй жана 5 -6 жандык малды кармоо жагына уруксат берилсин.
3.Айдалган эгин талаасына түшкөн малдарга төмөндөгүдөй көлөмдө малдын түрүнө жараша айып пулдар салынсын.
Ар бир баш кара малга 500 сомдон
Ар бир баш жылкыга 500 сомдон
Ар бир баш жандык малга 100 сомдон
4.Өндүрүлгөн айып пулдар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
20% огородго келип түшкөн малды айдап келген адамга
20% айыл өкмөтүнүн эсебине
60% жайыт комитетинин өздүк счётуна.
5.Эгин талаасынан дыйканга келтирген зыянды атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда эсептеп өндүрүү, мал ээлерине салынган айып пулду төлөөдөн баш тарткан учурда мал ээси мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылсын.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
7.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |