Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры № 99
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчик жерлерди айыл
өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу муниципалдык менчик жерлер боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Жолоков Турсуналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү муниципалдык менчик жерлер жана объектилер айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын:
- Кырк-Казык калктуу конушундагы башталгыч мектеп аянты-1,5 га;
- Кырк-Казык калктуу конушундагы ФАП,аянты- 500 м.кв;
- Чон-Арык айылындагы курула турган кичи футболдук аянтча жана күрөш залы аянты-
0,20 га;
-Чон-Арык айылындагы соц.объект катары калтырылган муниципалдык жер аянты-4,0 га;
-Чоң-Арык айылындагы метеоборбордун жанындагы муниципалдык жер аянты 1360 м.кв;
2.Чоң-Арык айылындагы метеоборбордун жанындагы муниципалдык менчик жерлерди лотко бөлүп, баштапкы баасы бир сотых -1500 сомдон аукцион аркылуу сатуу жагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына тапшырылсын.
3.Терек-Суу айылынын Уйчу – Айыл конушунун жана Чоң-Арык майылынын КРС конушунун муниципалдык менчик жерлерине тактоо иштерин жүргүзүү башкы адис Жолоковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |