Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 170
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында жашаган калкты ичүүчү Таза суу камсыздоо үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылы Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Таза суу долбооруна 2020-жылга киргендигине байланышуу, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү Таза суу муниципалдык ишканасынын директору Ө.Төрөкуловдун маалыматын эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылы Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Таза суу долбооруна 2020-жылга киргендигине байланышуу, көзөнөктүү суу башатын курууга 3-07-09-0018-0207, 3-07-09-0018-0208 кодунда катталган Исабаев Сүйүнбектин карамагыдагы үлүштүк жер аянттан 0,76га, 3-07-09-0018-0211, 3-07-09-0018-0212 кодунда катталган Нусубалиева Калкыздын карамагындагы үлүштүк жер аянттан 0,57га жер аянтты, жалпы 1,33га жер айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен муниципалдык менчикке сатылып алынсын.
2. Муниципалдык менчикке сатылып алынган 1,33га жер аянтына мамлекеттик акт жана тиешелүү иш кагаздарды даярдоого сарпталуучу акча каражаты жана сапар чыгымдары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |