Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 173
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйүн
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын. Айылдык маданият үйүнүн жана айыл өкмөттүн имаратынын жерин тактап, мамлекеттик актыларын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйү Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын курамда комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төраганын орун басары | Э.Сагынбеков |