Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 174
Камыш-Башы айылындагы А.Чаргынов көчөсүнө канатташ
жайгашкан жаӊы конуштун жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин билдирүүсүн эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылындагы А.Чаргынов көчөсүнө канатташ жайгашкан жаӊы конуштун жашоочуларынын көчөгө ысым ыйгаруу арызы каралып, тиешелүү иш кагаздары толук болбогондуктан кийинки сессияга жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |