Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 175
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-жылдагы № 7 токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму эске алынсын.
I. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
“Шумкар” бала бакчасына балдардын амак ашына 70000 сом
Бел-Кара-Суу айылындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын тозууга -63915сом акча каражаты “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевге берилсин жана иштин аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
Камыш-Башы айылындагы жолду оӊдоп түздөөгө күйүүчү майга-5000сом
Окуучуларды ташуучу кичи автоунааны оӊдоо үчүн-25000сом
Аӊ-Арык айылындагы Ш.Сасыкулов көчөсүн жарыктандырууга кошумча-30000 сом
Г.Сманованын сапар чыгымына- 2000 сом
Жаз,күз эгин талаалардагы элдин эгиндерин караган кароолчулардын айлык акысына -20000 сом
II. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы өтө-жакырлардын каттоосунда турган жарандарга материалдык жардам катары
Бел-Кара-Суу айылынын тургуну Үкүева Анаркандын тамынын чатырын жабууга - 20000 сом бөлүнүп берилсин.
Мавлянова Орунбүгө -10000сом бөлүнүп берилсин.
Ак-Жар айылынын тургуну Алымкулов Сыймык Татарстан Республикасында өтүүчү бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка барып келүү чыгымга -20000сом бөлүнүп берилсин.
Тбилиси шаарында менталдык арфметика боюнча олимпиадага катышуу үчүн Кадыров Азатка-20000 сом, Турсунбаев Эмирге-20000сом, Абдылдаканов Дияздга-20000сом бөлүнүп берилсин.
Кыргыз эл акыны Карбалас Бакировдун чыгармачылык кечесине -5000сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |