Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 178
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунааларды “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунааларды “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунаалар “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Автоунаалардын техникалык жактан кароо жоопкерчилиги жана жол коопсуздугун сактоо жагы айдоочуларга милдеттендирилсин жана айдоочулардын жоопкерчилигин көзөмөлдөө жагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |