Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 166/32-7
“Кара-Көл шаарынын Масиров көчөсүндө жайгашкан админстративдик имаратты Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын прокурору Ж.Д.Асатовдун 14.08.2019-ж. чыгыш №5-445-19 сандуу кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери инвестиция боюнча, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын прокурору Ж.Д.Асатовдун 14.08.2019-ж. чыгыш №5-445-19 сандуу кайрылуусу, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери инвестиция боюнча, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын Масиров көчөсүндө жайгашкан ШММБнын балансындагы толук бүтө элек баланстык баасы 6 113,2миң сомдук админстративдик имаратты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Шаардык мэрия (И.М.Еркеев), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) имаратты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна (Бабаканов Э.Э.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери инвестиция боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |