Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 168/32-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.08.2019-ж. №164/31-7 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
И.М.Еркеевдин 10.10.2019-ж. №05-22/2478 сандуу кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 10.10.2019-ж. №05-22/2478 сандуу
кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.08.2019-ж. №164/31-7 сандуу токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №155/27-7 сандуу токтомунун 2-пунктунан “Жаңы муздак суу түтүкчөлөрү коюлуп бүткөрүлгөн жумушту кабыл алуу актысы түзүлгөндөн кийин гана казып алынган эски муздак суу түтүкчөлөрүн жумуш аткаруучуга кызмат акысынын ордуна берүүгө макулдук берилсин” деген сөздөр алынып салынсын
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №155/27-7 сандуу токтомунун 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык мэрия менен биргеликте Кетмен-Төбө шаарчасынын элин таза суу менен камсыз кылуучу жер астындагы алмаштырылбай калган эски темир түтүкчөлөрдү жаңы темир түтүкчөлөргө алмаштыруу боюнча иштерди улантуу үчүн иш алып баруучу “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКсы менен мыйзам чегинде келишим түзүлсүн. Демонтаж болгон эски муздак суу түтүкчөлөрүн жумуш аткаруучуга кызмат акысынын ордуна берүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |