Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 95
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жергиликтүү бюджетке жалпы суммасы 1,312,1 сом өлчөмүндөгү акча каражатына өзгөртүү киргизилсин.
2. 22154900 беренесине – 834,1 сом, 22221200 беренесине- 220,0 сом, 3112 беренесине – 188,0 сом, 22141100 беренесине- 35,0 сом, 27213100 беренесине- 20,0 сом, 22111100 беренесине 15,0 сом, акча каражаты бекитилип берилсин.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Ооматовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков. |