Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июну, № 221-б
Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүүнү камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жена 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лоторея өткөрүү үчун «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасына 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндө финансы каражаттарын бөлсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |