Редакцияот 25.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 21-июну, № 212-б

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесиннн 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине материалдык-техникалык жабдуу жана жайларды оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 487 162 (бир миллион төрт жүз сексен жети миң жүз алтымыш эки) сом өлчөмүндө кошумча финансы каражат бөлүп берсин;

- ''Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо аталган каражаттарды көңүлгө алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев