Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-марты № 86-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы, "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" компаниясынан жана "AKA минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түзүлгөн инвесторлордун консорциумунун ортосундагы "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоорунун күчүн токтотуу жөнүндө Тараптардын жетишкен келишүүсүнө байланыштуу:
1. 2018-жылдын 11-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы, "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" компаниясынан жана "AKA минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түзүлгөн инвесторлордун консорциумунун ортосундагы "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-январындагы № 6-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |