Редакцияот 30.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 30-декабры № 739

Көп жылдык эмгеги, Кыргыз Республикасынын маданиятын жана киноискусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Режиссер-коюучу, "Дарак ыры" мюзикл-фильминин автору Дайырбеков Айбек Усонбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын.

2. "Дарак ыры" мюзикл-фильминин продюсери Дайырбекова Толкун Мырзабековнага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев