Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 20-марты № 172
Коронавирустук инфекциянын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасиринин кесепеттерин жоюу үчүн тышкы жардамды тартууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Тышкы жардамдарды тартуу боюнча теменкудей эксперттик жумушчу топтор түзүлсүн:
бюджетке колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик тышкы карызды реструктуралаштыруу үчүн, 1-тиркемеге ылайык курамда;
азык-тулук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, 2-тиркемеге ылайык курамда;
өзгөчө кырдаалдардын шарттарында саламаттык сактоо тутумун колдоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык жардам көрсөтүү үчүн, 3-тиркемеге ылайык курамда;
жеке ишкердикке колдоо көрсөтүү, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн, 4-тиркемеге ылайык курамда.
2. Эксперттик жумушчу топтор эки жумалык мөөнөттө коронавирустук инфекциянын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасиринин кесепеттерин жоюуга багытталган тышкы жардамды тартуу үчүн ыкчам экономикалык негиздемелерди жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизишсин.
3. Эксперттик жумушчу топторго төмөнкүлөргө укук берилсин: белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга;
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, башка уюмдардан (макулдашуу боюнча) коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
4. Эксперттик жумушчу топтордун ишин жалпы координациялоо тышкы жардамды тартуу жана мамлекеттик тышкы карызды башкаруу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлөмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.