Редакцияот 03.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын З-февралы № 25-б

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу максатында эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 30 000 000 (отуз миллион) сом бөлүп берсин;

- аталган каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджета жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктурүу бөлүмүнө жүктөлсүн. 

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев