Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 4-февралы № 30-б

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Келечек үчүн билим" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

 

М.Д Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Келечек үчүн билим" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Исаков К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, делегациянын жетекчиси;

Муканбетов С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Чолпонбаев К.С.

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кочкоров А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Жаманкулов А.К.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Абдыбалы тегин Суеркул

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Адилбек уулу Шумкарбек

-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору.