Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 7-февралы № 52

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

3-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Э.Ш. (Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)";

- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер, Евразия экономикалык комиссиясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр менен кызматташууну камсыз кылат.";

5-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Ж.П. (Укук коргоо блогу, чек ара маселеси)";

- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:

3-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Э.Ш. (Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)";

- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.";

5-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Ж.П. (Укук коргоо блогу жана чек ара маселеси)";

- экинчи жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д. Абылгазиев