Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-марты № 72-б
Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекцияны (2019-nCoV) алып келүүгө бөгөт коюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 61-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "20 күндүн ичинде жүргөн" деген сөздөр "30 күндүн ичинде болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтарында "жогоруда аталган" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Экономикалык өнүктүрүүгө дем берүү жана тышкы шоктордун кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб менен макулдашылган 2020-жылга эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында жана Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын корутундуларынын (негиздемелеринин) негизинде чет өлкөлүк адистерден";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Маанилүү жагдайлар жана негиздер болгондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок жакты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүү/өткөрбөө жөнүндө чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл ала тургандыгы белгиленсин, биргелешкен буйрук менен түзүлгөн анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызмат адамдары кирет.";
- 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |