Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 28-марты № 112-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б, 2020-жылдын 27-январындагы № 13-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын кесепеттери менен күрөшүү үчүн келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепти ачсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 76-б буйругуна ылайык ачылган башкаруучу эсептеги топтолгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана андан ары жайылтууга жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепке которсун.
- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ