Редакцияот 20.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 20-августу № 283-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддоруи түзүү тартиби жөнүндө типтуу жобонун 34-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун I-тиркемеси ушул буйруктун

1- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемеси ушул буйруктун

2- тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган буйруктун 6 жана 7-тиркемелери ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

 

Премьер-министр

К.А. Боронов

 

1 -тиркеме

I -тиркеме

Талас облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын

ӨКҮЛДӨРҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Талас облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратными региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

2-тиркеме

4-тиркеме

Ысык-Кел облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын

ӨКҮЛДӨРҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл өблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги.

3-тиркеме

 6-тиркеме

Нарын облусун өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын курамындагы мамлекеттик органдардын

ӨКҮЛДӨРҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммунаддык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Нарын облустук башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальниги.

7-тиркеме

Ош облусун өнүктүрүү фондунун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын

өкүлдөрү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкы башкармалыгынын Ош региондук бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын начальниги (м акулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги.