Редакцияот 29.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2021-жылдын 15-февралындагы № 80 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 29-октябры № 532

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

- 3-главанын он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Өкмөттүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым

укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.»;

- 5-главанын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Өкмөттүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өүлдөрүнүн ишин координациялайт.»;

2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери төйлөгөн жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:

- 3-главанын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.»;

- 5-главанын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен жана Ош

облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.».

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров