Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 19-февралы № 94
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 токтому менен бекитилген "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставынын 13-пунктуна ылайык:
1. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын Байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Рахманов Лутфулло Хасанджанович | - | Ош шаарынын В.И.Ленин атындагы № 10 мектебинин тарых мугалими (макулдашуу боюнча); |
Джураева Жаркынай Орозбековна | - | У.Салиева атындагы Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинин тарых мугалими (макулдашуу боюнча); |
Жолдошова Ыкывал Номановна | - | генерал-майор М.Абдурахманов атындагы Ош жана Баткен облустары боюнча адвокаттар коллегиясынын № 5 юридикалык консультациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Назарбаев Колдошбай Мукидинович | - | Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын актёру (макулдашуу боюнча); |
Эргешова Сейил Бактыбековна | - | Ош мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Садыкова Бегайым Гульбаевна | - | Ош шаарындагы Киров атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 30-августундагы № 555 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | У.А.Марипов |